Слушать Нурлан Насип, Самара Каримова Бололу бирге онлайн бесплатно в mp3
Трек очень похож на
- Название Бололу бирге
- Исполнитель Нурлан Насип & Самара Каримова
- Жанр Pop
- Альбом Бололу бирге - Single
- Год релиза 2017
- ISRC RUA3R1600556
Видео
Ай сулуу кыз аткан таңдай
Көңүл учту сага карай
Карайм карегимди албай
Тилегиңиз жанга дос бекен?
Жүрөгүңүз али бош бекен?
Кечиктимби мен ай, билемин кандай?
Баатыр жигит болчу Абай
Сендейлерди көргөм далай
Анча, ашыкпаңыз андай
Жүрөк ээси болуу урмат го
Аны ачуу сизге кымбат го
Ачкычын да албай
Ачасыз кандай?
Ачып алам, оңой жолу керек
Ашык адам тапкыч болуу керек
Максаттарын бийик коюу керек
Эки жүрөк бирдей согуу керек
Көзүңүздү жатка ыйгарбай
Өзүңүздү бекер кыйнабай
Бөлүнбөй, биз күндө, бололу бирге!
Кабагыңа конгон Күн-Ай
Карегиңе толгон чырай
Сени шүгүр берген Кудай
Сезимиңди арнап келсең ай
Эркелеген менин эркем ай
Бакытты далай, көрөлү ары карай
Эркелетип эчен курдай
Кылыгыма жүрсөң чыдай
Бактылуу боломун тынбай
Сен болосуң менин шерим ай
Мен болоюн сенин теңиң ай
Сүйүүмдү арнай, жүрөйүн талбай
Ары жагы биздин багыбыздан
Арылалы жалгыз жагыбыздан
Сагыналы ойлоп таңыбыздан
Табылалы дайым жаныбыздан
Көзүбүздү жатка ыйгарбай
Өзүбүздү бекер кыйнабай
Бөлүнбөй, биз күндө, бололу бирге!


